Ош: Кулатов кичи шаарчасына аллея курулат. Фото

Аллея Кулатов кичи шаарчасынын Б.Осмонов атындагы көчөсүн бойлой курулат. Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы аллеянын долбоорун мэрияга сунуштады. 

Сунушталган долбоор боюнча аллея үч этап менен курулат. Баштапкы баскычында «Nirvana» ресторанынан «Ак-Ниет» супермаркетине чейинки аянт жашылдандырылып, отургучтар орнотулат.

Экинчи этап Осмонов көчөсүндөгү кичи базардын айланасында жүргүзүлөт. Ал багытта базардын сырт тарабынан 20 метр аянтындагы соода-күркөлөр сүрдүрүлмөкчү.

Үчүнчү этабында «Барсбек» эстелигинин айланасы көрктөндүрүлөт. Ал аянт Кара-Суу аймагына кирип кетет.

Аллеянын узундугу болжол менен 850 метр, туурасы 15-18 метр болот. Оргумалар коюлуп, түнкү чырактар орнотулмакчы. Азырынча долбоорго жалпы канча каржы кетээри аныктала элек.

«Кулатов кичи шаарчасында эс алуу багы жок эле. Ошону эске алуу менен аллея куруу пландалып жатат. Мэрия долбоорду колдоого алды. Жакынкы 2019-жылдагы бюджетте канча каржы кетээри каралат. Эгер каржы ажыратылса курулуш ошол эле жылы башталат. Негизи ал жерде мыйзамдуу жана мыйзамсыз түшкөн курулаштарды алууга туура келет. Осмонов көчөсү бошотулу керек болуп жатат»,-деди мэриянын маалымат кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3509 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо