Пенсияны көбөйтүүгө бюджеттен акча каралууда

2019-жылдын бюджет долбоорунда пенсияны көбөйтүүгө 659 млн 209 миң сом көлөмүндө каражат каралды. Бул тууралуу соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди. 

Социалдык фонд башчысынын айтымында, 2019-жылга социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд 61 млн 345 миң сом, 2020-2021-жылдарга 57 млрд 426 млн 512 миң сом жана 60 млрд 992 млн 94 миң сом көлөмүндө болот.

“2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Алардын 23 пайызы Пенсиялык фондго, 2 пайызы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна, 2 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25 пайызы эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерилет”, — деди Ирсалиев.

2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 32 млрд 744 мле 294 миң сом өлчөмүндө пландалганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 20 млрд 965 млн 930 миң сом өлчөмүндө каралган.

Ушул тапта Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Пенсиянын орточо көлөмү 5412 сомду түзөт.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо