Соцфонд кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

Социалдык фонд кызматкерлеринин маянасы 20 пайызга чейин жогорулайт. Келээрки жылы ишке ашыруу багытында бюджеттен 19 млн сом каралып жатат. 

Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасы Медет Ирсалиев Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде «социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып жатканда билдирди.

Ирсалиевдин билдиришинче, бюджеттен суралган сумма бөлүнсө, соцфонд кызматкерлеринин маянасы 15 пайыздан 20%га чейин көтөрүлөт. Ошондо 10 миң сом алган кызматкерге 2000 сомго чейин кошулат.

Учурда социалдык фонддун аймактарда иштеген кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 9 миӊ сомду түзөт. Ал эми башчысынын маянасы 23 миӊ сом.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо