Бишкек-Ош жолундагы кырсык адам өмүрүн алды

Бишкек-Ош автоунаа жолунда токтоп турган “Renault” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын аркасынан келип “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү  жүк ташуучу унаа сүзгөн. 

Кырсык 20-ноябрь күнү саат 03:33 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында катталган. Камбар-Ата шаарчасында жүз берген автокырсыктан 36 жаштагы аял каза тапты.

Андан сырткары 27 жана 25 жаштагы эки эркек жабыркаган. Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо