Президент: саясатта түрдүү чакырыктар күтүлүүдө

Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот.

Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков парламенттин экс-спикерлери жана экс-премьер-министрлер менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Бүгүнкү жолугушуунун башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин  талкуулоо», — деп белгиледи президент.

Келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түрдүү чакырыктар күтүлүүдө. Мамлекет башчы булар жөнүндө да пикир алмашсак деп белгиледи.

«Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар. Бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек», — деди  Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, мамлекетибиздин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги — бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр. Өлкөбүздүн өткөнү жана келечеги  үчүн элибиздин алдында баарыбыз чогуу жоопкербиз.

«Сиздер жакшы билесиздер,  саясий элитасы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптери боюнча орток пикирге келе алган мамлекеттер чоң ийгиликтерге жетишкен. Алар деле талашып-тартышкан, бири-бирин аябай сындаган. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө келгенде баары жалпы бир  мегабагытка карата бир пикирде болушкан. Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Азыр Кыргызстанда бардык коомдук-саясий күчтөрдүн катышуусу менен чече турган көйгөйлөр жана олуттуу маселелер көп. Сиздер мына ушул маселеде данакерлик вазийпаны аткара аласыздар деп ишенем», — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даярмын. Жеңил пиардан жана пайдасыз чыр-чатактардан алысмын. Сындан да качпайм деп белгиледи.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо