
Президент бүгүн, 20-ноябрда Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мурдагы төрагалары жана премьер-министрлери менен жолугушууда.
«Жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков катышып жатат»-деп билдирди президенттин маалымат кызматынын сүрөтчүсү Султан Досалиев.
Мындан сырткары экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев катышууда.
Пикир калтыруу