Сот реформасы кантти? Жээнбековдун ишинин жыйынтыктары

Сот системасын реформалоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылда аткарган ишинин жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.

Реформалоонун негизги милдеттеринин бири — судьялыкка талапкерлерди туура тандоо. Бул маселеге мамлекет башчы өзгөчө көңүл бурган. Бул тууралуу президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев баяндамасында билдирген.

«-Жыл бою судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президентке жогорку сот, анын конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясы кызматына дайындоо үчүн 89 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Маектешүүнүн жана берилген кошумча материалдарды карап чыгуунун натыйжасында президент 51 талапкер боюнча КРнын судьясы кызматына дайындоого макулдук берди»,-деди Исабаев.

2010-жылы башталган соттук-укуктук реформа улантылууда

Эки жыл мурун Жогорку Кеңеш тарабынан кодекстер жана жазык-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдар кабыл алынган. Азыр аларды имплентациялоо үчүн мамлекет башчысы жана өкмөт тарабынан зарыл чаралар көрүлүп жатат.

Быйыл май айында соттук-укуктук реформа боюнча мониторинг жүргүзгөн эксперттик жумуш топ түзүлгөн. Анын курамына мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана кодекстерди иштеп чыгуучулардын өкүлдөрү кирген.

Жумушчу топ аткаруу бийлиги тарабынан жаңы кодексин жана мыйзамдарды киргизүү практикасын талдайт жана аларды имплементациялоону түшүнбөстүккө жол берген мамлекеттик органдарга сунуштарды берет.

Жаңыланган кодекстер

Бардык жаңы кодекстер жана мыйзамдар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, жазык-укуктук чөйрөнү гумандаштырууга багытталган. Ал жаңы мыйзамдарда адам укуктары стандарттары көтөрүлүп, аны декриминализациялоо жана депенализациялоо жүргүзүлгөн.

Бул мыйзамдардын ишке кириши менен жарандарда өз укуктарын коргоо боюнча укуктук пайдубал, соттордун, прокурорлордун жана милициянын өзүм билемдигине, «телефон укугуна» бөгөт пайда болот.

Кодекстерди жана мыйзамдарды толук ишке киргизүү адамдарды кыйноолорго, түрмөлөрдөгү аша чапкандыктарга таасир этет.

«-Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрин киргизүү укук коргоо органдарына келип түшкөн кандай гана маалыматты болбосун, так каттоого алууга өбөлгө болот. Андан тышкары, арызданган ар бир жаран анын ишин кароо кандай стадияда экенин, анын ишин кароодо бардык процессуалдык кепилдиктер сакталдыбы, жокпу, ушунун баарын өзү көзөмөлдөй алат», — деп белгиледи Исабаев.

Андан сырткары, 5 судья ээлеген кызматынан бошотулуп, 8 судьяга сөгүш жарыяланды. Он бешине эскертүү, 50 судьяга алдын ала эскертүү берилди. Эки судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилди.

Системадагы өзгөрүүлөр

Контролдоону жана сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруу үчүн тергөө судьясы деген жаңы форма киргизилет. Ал адамдын кармалышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн көзөмөлдөйт.

«-Көптөгөн иштер соттордо көп жылдар бою каралып келгени белгилүү. Ушуга байланыштуу жаңы Кодекстерде ишти кароонун мөөнөттөрүн чектөө жана кыскартуу каралган. Бузуулардын өзүнчө Реестри киргизилет», — деп белгиледи Санжар Исабаев.

«Пробация жөнүндөгү» мыйзамда далилдөө системасы өзгөрөт. Анчалык оор эмес кылмыш кылгандарды эркинен ажыратпастан, аларды социалдык ыкмалар менен адаптациялоого мүмкүнчүлүк берилет.

Стратегия-2040та 2023-жылга чейинки приоритеттер камтылган. Сот системасын өнүктүрүү алардын бири болуп саналат.

Алар соттук-укуктук системасынын процесстерин автоматташтыруу, электрондук сот өндүрүшүн санариптештирүү, бардык сот процесстерин, тергөө иш-чаралары мезгилинде шектүүлөрдү суракка алууну  аудиовидеофиксациялоо менен байланышкан. Сот өндүрүшүн автоматизациялоо бардык мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда сот реформасын ишке ашырууну мамлекет жетекчилери 2010-жылдан бери убадалап келет. Ишке ашпай жатканын оппозиция менен жарандык коом өкүлдөрү сынга алып келишүүдө.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо