
«Эне жана баланы коргоо Улуттук борбору» билдиргендей, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева бүгүн көз жарды.
Маалыматтарга караганда ал кыздуу болгон. Учурда эне менен баланы абалы жакшы.
Бул Алия Шагиеванын экинчи перзенти. Буга чейин ал 2017-жылдын март айында Таир атуу уулду болгон эле.
Алия Шагиева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кенже кызы болот. Орус жигитине турмушка чыккан Шагиева сүрөтчүлүк менен алектенип, кайрымдуулук иштерди да аткарып келгени менен белгилүү.
Пикир калтыруу