Ибраимовго «элдик баатыр» наамын ыйгарууга мыйзам жол бербейт

Султан Ибраимов элдин жүрөгүндө эчак эле элдик баатыр болуп калган. Тилекке каршы,  бул наамды  расмий ыйгарууга 2017-жылы кабыл алынган мыйзам жол бербейт.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанатта билдирди.

«Султан Ибраимовго „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин. Ал үчүн депутаттардан мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт элем. Парламент каршы болбойт деп ишенем. Мыйзам кабыл алынса, тийиштүү жарлыкка кол койгонго мен даярмын», — деди президент.

Өлкө башчы кошумчалагандай, Султан Ибраимовго „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ деген наамды ыйгарылса, мамлекет үчүн жасаган жасаган эмгеги татыктуу бааланмак.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо