Катар мамлекети Доха-Ош-Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар

Кыргызстан менен Катар мамлекеттердин ортосунда аба каттамдары ачылат. Макулдашууну ратификациялоо боюнча  мыйзам долбоору каралып, парламенттин үчүнчү окуусуна добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бул макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты жакшыртуу аркылуу эки мамлекеттин ортосунда түз аба каттамына мүмкүндүк берилет.

Эгер макулдашуу ратификацияланса Катар мамлекетинин такай иштей турган Доха – Ош – Бишкек аба каттамы ачылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19 учак катталып, анын 17си жеке жактарга, ал эми 2 учак мамлекетке таандык. Өткөн жылы Кыргызстанда учак аркылуу 3 млн жүргүнчү тейленген, 1 млн.дон ашууну ички каттамдагы жүргүнчүлөр болуп саналат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо