Казакстанда үйдүн чатырынан муз түшүп, пенсионер аял каза тапты

Алматыда көп кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, бир аял көз жумду. Полиция окуяны кырсык катары сыпаттады. Маалыматтарга караганда, окуя 20-ноябрда чак түштө болгон.

Муз түшүп каза тапкан Натальи Шамузова  60 жашта болгон. Пенсионерге тогуз кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшүп, тез жардам келгенче кайтыш болгон.

Жергиликтүү бийлик бул сыяктуу кайгылуу окуяларды болтурбоо үчүн үй ээлеринин кооперативдери менен бирге короолордогу карды тазалоо жана чатырдагы муздарды түшүрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Кырсык болгон жердеги көп кабаттуу үйдүн чатырын тазалоо үчүн атайын техника талап кылынган. Көп кабаттуу турак жай 2013-жылы пайдаланууга берилген жана ага башкаруучу компания кызмат көрсөтүп келген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4114 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо