Сүйүнчү! Ипотекалык насыянын үстөгү төмөндөдү

Ипотекалык насыянын жылдык үстөгү 1%га арзандады. Эми турак-жай багытындагы насыя 7 пайыз менен бериле баштайт.

Жаңы өзгөртүү боюнча насыянын жылдык үстөгү 7%дан 9%га чейин болот. Иштелип чыккан механизмди кыргыз өкмөтү жактырып, жылдык үстөк төмөндөтүлгөн пайызда берилип жатат.

Жогорудагы өзгөрүү 1-ноябрдан тартып насыя алгандарга тиешелүү. Ага чейин берилген насыялардын жылдык үстөгү 8-10% боюнча кала берет.

Эң арзан үстөк кимдерге тиешелүү?

Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп чыккан жаңы механизм боюнча насыя мурдагыдай эле тартипте берилет. Тагыраак айтканда, баштапкы төлөм көбүрөөк төлөнсө насыянын үстөгү арзан болот. Эгер азыраак төгүлсө жылдык чендин пайызы жогорулайт.

МИКтин билдиришинче, ипотекалык насыянын жылдык үстөгүн 6 пайызга чейин түшүрүүгө каржылык мүмкүнчүлүк бар. Быйыл 7 пайызга түшүрүү планы ишке ашса, кийинки жылы насыялар 6 пайыз менен бериле баштайт.

«Азыр буга чейин берилген насыялардын да үстөгүн 7%га түшүрүү боюнча аракеттер жүрүп жатат. Ал кийинки жылы ишке ашып калат. Мындан сырткары, келаткан жылы ипотекалык насыяны 6 пайызга чейин түшүрүү боюнча да жумушчу топ иштөөнү баштады«,-деди МИКтин Оштогу өкүлчүлүгүнүн адиси Гүлназ Машаева.

«Арзан турак жай 2015-2020» программасы  2,5 жыл мурда кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Ипотекалык насыянын жылдык чени алгач 14% менен бериле баштаган. Башында бюджеттик кызматкерлерге гана берилсе, бүгүнкү күндө төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар жарандардын баары ипотекалык насыя алганга укуктуу болуп калды.

Мамлекеттик ипотекалык компания уюшулгандан бери жалпысынан 3 миллиард 918 миллион сомго насыя 3550 жаранга берилди. Алардын 31%га жакыны мугалимдер болсо, 14%дан ашууну дарыгерлер, социалдык өнүктүрүү адистери 2%га жакын, маданият тармагынын кызматкерлери 2%дан ашуун. Ипотекалык насыя алгандардын эң көбү бюджеттик мекемелердин өкүлдөрү — 34%.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо