
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмдөгү гранттарды бөлөт. Ал Кыргызстандын социалдык-инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга жумшалат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынынын жүрүшүндө айтылды.
Каражат төмөнкү багыттарда жумшалат:
— 1 млн 245,2 миӊ доллар «Улуттук фтизиатрия борборун жана Кара-Кулжа, Түп айылдарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборлорго бөлүнөт. Ал акча аталган борборлорду медициналык жабдыктар менен камсыздоого жумшалмакчы.
-Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна 1 млн 440 миӊ доллар ажыратылды. Бул суммага заманбап медициналык жабдуулар алынат.
Жогорудагы үч долбоорду ишке ашырууга консультациялык кызматтар үчүн 151,8 миӊ доллар жумшалат. Айрым депутаттар гранттык каражаттын көлөмү аз болуп калганын белгилешти.
Гранттык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин үчүнчү окуусуна добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Пикир калтыруу