Ата-энеси миграцияда жүргөн беш жаштагы кыз зордукталды

18-ноябрда Өзбекстандын Фергана облусунун Учкуприк районундагы айылдардын биринин четинде эс-учун жоготкон беш жаштагы кыз табылган.

Фергана облустук ички иштер башкармалыгынан алдын ала тергөө иштери аяктап, факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришкен. Учурда шектүүлөр суракка алынып жатат, бирок азырынча эч ким кармала элек.

Зордукталган кыздын туугандарынын бири анын ата-энеси Казакстанга иштегени кетишкенин, кыз улгайган туугандарынын колунда болгонун билдирди.

«Кызды төрт күн бою издешти. Аны жарым жан кылып айылдын четине таштап кетишиптир. Кыз үч күн райондук ооруканада жатып, бүгүн облустук ооруканага алып кетишти. Абалы оор», — деди тууганы.

Кыз дарыланып жаткан Фергана облустук ооруканасынан учурда анын абалы жакшырып калганын билдиришти. «Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деди дарыгер.

Булак: Борбор Азия маалымат кызматы 

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо