Cакалчан ырчы «Өзбекконцерттен» лицензия ала албай жатат

Ырчы жана композитор San Jay өзбек басылмаларына берген маегинде “Өзбекконцерт” мамлекеттик мекемеси ага лицензия бербей жаткандыгын билдирген.  Ал лицензияга ээ болуу үчүн сакалын алуусу керек болгон.

Лицензия алуу үчүн эки ай мурун керектүү кагаздарды таштап кеткем. Алар концерттик директорума сакалы жок сүрөтүмдү алып келүүнү айтышыптыр. Андан соң өзүм келдим, алар документтеримди кабыл алып, бирок “баары бир сакал менен өткөрбөйт болуш керек” дешти. Эки айдан бери так жооп берише элек. Акыркы жолу Фурхат Шавазов (концерттик ишмердүүлүккө лицензия берүү башкармалыгынын директору – Ред) менен жолуккам, ал сакалчан келсем, өткөрбөй турганын айткан-деди San Jay.

Композитор ырларын телеканалдарга эмес радиолорго берүү үчүн гана лицензия алууну каалаганын, ага карабай суроосу оорундалбай жатканын кошумчалады.

Ал эми “Өзбекконцерттин” директору Одилжон Абдукахоров лицензия берүү маселесин Улуттук эстрадалык искусстовону координациялоо жана өнүктүрү кеңешинин алдындагы атайын топ чечерин айтат.

Топ белгилүү Эл артисттеринен жана заманбап ырчылардан куралган, 15 кишиден турат. Атайын критерийлер бар: алар үндү, ырды, текстти жана талантты текшерет. Ошол талаптын негизинде чечим чыгарышат.-деп билдирди Одилжон Абдукахоров

“Өзбекконцерттин” башчысы Одилжон Абдукахоров ырчынын топтун кийинки жыйынына чакырылганын айтып, сакалчан келсе боло турганын белгиледи.

Ырчы Санжар Жавбердиев бул маселеге көңүл бөлүүнү өтүнүп, өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылды. 40 жаштагы Жавбердиев орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде ырдайт. Көп жылдар бою Орусияда жашаган, 2010-жылы Чечен Республикасынын Эл артисти наамын алган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4114 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо