
Медициналык кызматкерлердин сый акысын баалоо критерийине сезондук оорулар кирип калган. Коомчулук аталган ооруларды жасалма түрдө өсүшү мүмкүн деп күмөн саноодо.
Баалоо критерийине ич өткөк жана өпкө оорулары да камтылып калган. Бири жайында көп катталса, экинчиси күз-кыш мезгилдеринде көбөйөт.
Демек, дарыгер аталган эки ооруну сезону бүткөндө каттай албайт. Бул деген ошол критерийди толтура албады дегенди түшүндүрөт.
Ошондон улам аталган сезондук оорулардын статистикасы жасалма түрдө өсөт деген шек жаралып жатат. «Т-Меdiа Group» «Адил сөз» программасында ушул маселени козгогон. Адис жообун төмөнкү видеодон көрүңүз.
Пикир калтыруу