Эл аралык кылмыш полициясынын президенти шайланды

Дубайда өткөн конференцияда Интерполдун (Эл аралык кылмыш полициясы) президенти шайланды. Түштүк Кореялык Ким Чен Ян талапкерлердин ичинен көп добуш алып биринчиге озуп чыкты.

Ким Чен Янга Интерполдун Башкы ассамблеясынын 98 мүчөсү колдоо көрсөткөн. Ал эми экинчи талапкер – орусиялык генерал Александр Прокопчук 64 добуш алды.

Орусиялык Александр Прокопчуктун талапкерлигине орусиялык оппозиция өкүлдөрү жана орус бийлиги тарабынан куугунтукталган британ финансисти Уильям Браудер каршы чыкты. Алар Эл аралык кылмыш полициясын (Интерпол) эл аралык укукту бузган өлкөнүн өкүлү жетектей албайт деп билдиришти. Прокопчуктун талапкерлигине каршы чыккандар Орусия анын кызматын өч алуу жана саясий оппоненттерди куугунтуктоо үчүн колдонушу ыктымал деп кооптонушту.

Ким Чен Ян буга чейин Интерполду убактылуу башкарып келген. Эл аралык кылмыш полициясынын мурдагы жетекчиси Мэн Хунвэй коррупцияга айыпталып, Кытайда кармалган.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3454 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо