Медкызматкерлерге маяна берүү тартиби өзгөртүлдү. Видео

Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдарга кошумча сый акы чегерүү тартиби өзгөрүлдү. 

Баалоо тартибин өзгөртүү кошумча дем берүүчү акча октябрда азыраак чыкканына байланыштуу болгон. Мында 1 балл мурдагыдай 160 сомдон эмес, 190 сомдон бааланат.

Тагыраак айтканда, эң мыкты деген 100 балл 16 000 сом эмес, 19 000 сом болот. Ал эми жакшы деп  64 балл эсептелинет, бул көрсөткүчкө жеткен кызматкер 12 160 сом сый акы алат. Канааттандырарлык деп 32 балл эсептелинсе, мында дарыгерге кошумча сый акы катары  6080 сом төлөнөт.

Андан сырткары кошумча 1,65 коэфценти кирип жатат. Бирок ал убактылуу эки ай гана иштейт.

Жаңы баалоо системасы боюнча «Т-Меdiа Group» «Адил сөз» программасында адистен жооп алган. Видеону төмөндөн көрсөңүз болот.

1-октябрдан тарта Кыргызстанда айрым медициналык кызматкердин маяналары жогорулаган. Ага ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикалык врачтардын, үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы көтөрүлгөн.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо