Премьер-министр «Centerra Gold Inc» компаниясынын президенти менен жолукту

Өкмөт башчынын чакыруусу менен келген «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ишмердүүлүгү жана Кумтөр кенине тийиштүү маселелер талкууланды.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, компания кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча үстүбүздөгү жылы Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда. Бул болжолдуу көрсөкүчтөрдөн жогору болуп саналат.

Мындан тышкары, компания тарабынан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн алдыдагы капиталдык салымдар боюнча кошумча сунуштар иштелип чыгууда.

Скотт Перри Премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жылдын ичинде эл аралык, анын ичинде кытай компаниялары «Centerra Gold Inc.» инвестиция салууга же сатып алууга кызыкдарлык билдиришкен. Бирок, азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес.

«Кайсы бир сунуш финансылык пайдалуу катары каралган шартта «Centerra Gold Inc.» милдеттүү түрдө ири акционер – Кыргызстандын Өкмөтүнө келишимге кызыкдарлыкты баалоо тууралуу кайрылат. «Centerra Gold Inc.» менен байланыштуу кандайдыр бир келишим боюнча акыркы чечим компаниянын акционерлери тарабынан кабыл алынат», – деди Скотт Перри.

Кумтөр кенин Канаданын «Centerra Gold Inc» компаниясы иштетет. Акциялардын 26,5 пайызына «Кыргызалтын» акционердик коому аркылуу кыргыз өкмөтү ээлик кылат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6344 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо