Президент дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен балбан менен жолукту

Сооронбай Жээнбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалын жеңген Жоламан Шаршенбеков менен жолукту.

Мамлекет башчы Шаршенбеков менен бирге анын машыктыруучусу Хаким Махмудовду да кабыл алды.

Жээнбеков аларды дүйнө чемпионатындагы жетишкендиги менен куттуктап, өлкөнүн спортчулары чоң ийгиликтерге жетишип, баарын кубантып жатканын белгиледи.

« Биздин спортчулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип алып, эл аралык деңгээлде өлкөбүздүн кадыр-баркын дагы бийик көтөрүштү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жоламан Шаршеевге жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудовго Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын тапшырып, аларга мындан ары да эл аралык мелдештерде, дүйнөлүк биринчиликтерде кыргыз элинин намысын коргоп, кыргыз туусун бийик көтөрүүнү каалады.

 

 

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*