2019-жылды кандай жарылоо сунушу айтылды

????????????????????????????????????

Жогорку Кеңеш депутаты Рада Туманбаева  президентке сунуш менен кайрылды. Өз сөзүндө ал кийинки жылды Экология жылы катары жарыялоону демилгелөөдө.

Бул тууралуу депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Айтымында, жаратылыштын кайталангыс кооздугун, курчап турган чөйрөнүн тазалыгын сактоо азыркы ааламдашуу заманында өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

«Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган 2018-жыл аянтап барат. Ошондон улам, Кыргыз Республикасынын Президентине келерки жылды Экология жылы катары жарыялоо сунушун бергим келет. Анткени, экология жаатында чечиле турган көйгөйлөр көп», — деди депутат.

Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Анын алкагында аймактарда чакан жана орто ишкердикти колдоо, экспорт үчүн шарт түзүү, инвестиция тартуу, ирригацияны өнүктүрүү максаты көздөлгөн.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо