Жалал-Абадда бакча кызматкерлеринин тажрыйбасы текшерилет

Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери квалификациялык даярдыгы текшерилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бүгүн шаар мэри аймактагы балдар бакчаларында эмгектен кызматкерлердин квалификациясын текшерүү боюнча атайын буйрук чыгарды.

Бул буйрук шаардагы №21 балдар бакчасында тарбиячы менен бала багуучунун наристеге орой мамилесинен улам чыгарылды. Атайын текшерүү тобу уюштурулду, ага шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри башчылык кылып, курамында 5 адис бар. Текшерүү тобу үч күн ичинде өз милдетин аткарып, жыйынтыгын мэрияга берүүсү милдеттендирилди. Максатыбыз – балдар бакчаларында терс көрүнүштөрдү мындан ары болтурбоо жана алдын алуу , боюнча кызматкерлердин даярдыгын көзөмөлгө алуу болуп саналат, — дейт шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы №21 балдар бакчасындагы тарбиячы менен бала багуучу наристеге орой мамиле жасагандыгы үчүн иштен алынган. Учурда бул иш боюнча ички иштер органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5416 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо