
Өлкөдө 24-ноябрдан 25-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу кыргыз гидромет кабарлайт.
24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. 25-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3° …+2° , Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°, Нарында түнкүсүн -12…-17°, күндүз 0…-5° суук суук болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучу сакталат.
Пикир калтыруу