Москвада мигранттарга патент баасы жогорулайт

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Инна Светенко мигранттардын кирешелери көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген мигранттар үчүн патент баасын көтөрүү чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылы Орусия борборунда эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын кирешеси 20% өскөн.

«Бирок биз эмгек патентинин баасын 13%, башкача айтканда 500 рублга көбөйттүк. Учурда Москвада иштөө үчүн чет өлкөлүк жаран наркы 4500 рубль турган патент алышы керек«, — деди ал.

Ал эми бейшембиде Москва облустук думасы дагы патент баасын көтөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Подмосковьеде чет өлкөлүктөр үчүн анын баасы 450 рублга көбөйүп, 4750 рубль болот. Муну менен облус бюджетине кошумча 1 миллиард рублга чейин каражат түшөрү айтылууда.

Булак : Борбор Азия маалымат кызматы 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо