Өспүрүмдү сабаган «ХБКовская Бема» лакаптуу кыз табылды

Кечээ соцтармактарда мушташкан өспүрүм кыздардын видеосу тараган эле. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуяга тиешеси бар деген кыздарды тапты. Алдын ала иликтөөгө ылайык кармалган кыздардын арасында буга чейин уурулук жана бейбаштык үчүн соттолгондор да бар.

Окуя 21-ноябрда түшкө жакын болгон. Алгач Инстаграмдагы фейк-аккаунттарынан айтыша кеткен кыздар талашты чечип алуу үчүн Ош шаарынан жолугат. “Космонавттар” багында башталган талаш үй короосунда уланып, мушташ чыгат. Бул тууралуу Ош ШИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Жабырлануучу кыз Ош шаарындагы мектептердин биринде 11-класста окуйт. Ал эми аны сабаган жана окуяны камерага тарткан кыздар Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургундары болуп чыкты.

Окуяга катышы бар үч кыз тең учурда эч жерде окубайт жана үчөө тең жалгыз бой энелердин колунда тарбияланган. Видеодо кызды ур токмокко алган өспүрүм буга чейин уурулук жана бейбаштык үчүн соттолгон. Ал эми видеого тарткан кыз эч жерде окубайт, 15 жашынан медреседе окуган экен.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо