Жүрүштөн кийинки сынга Ош бийлиги үн катты. Видео

Ош шаарында диний экстремизм жана терроризм боюнча жөө жүрүш өттү. Тогуз миң адамдын катышуусунда уюштурулган массалык иш чара нааразычылык пайда кылды. 

Нааразылык эки багытта. Бири Ленин көчөсүнүн жабылганына байланыштуу пайда болгон автотыгындан улам келип чыкты.

Экинчиси катышуучуларды жөө жүрүшкө ыктыярдуу эмес, мажбурлап алып келгендиги боюнча айтылат. Социалдык тармактарда окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары милдеттүү түрдө чакыртылганы талкуу жаратты.

 

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1415875331879045&set=pcb.1415875398545705&type=3&__tn__=HH-R&eid=ARD-i7o7Dvxf4XZ_hY04zoqpgIYNs36TfJKtJwg67x8sVduBceWwVn09n2qy6vKmZj-RyAevF_rW9lS-

 

Ош мэриясынын дарегине карата айтылып жаткан сындар боюнча шаар жетекчилигинин кабары бар. Ал боюнча вице-мэр Асылбек Топчубаев төмөндөгүдөй жооп берген.

Диний экстремизмге жана терроризмге каршы жөө жүрүш акциясы “Коопсуз Ордо” долбоорунун алкагында болуп өттү. Максаты — экстремизм жана терроризмди алдын алуу.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо