Жаңы токтом: оорулуу балдардын ата-энеси маяна алат

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, тынымсыз кароого муктаж балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү боюнча жобо бекитилди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эми кароого муктаж болгон балдардын ата-энелери мамлекеттен 4900 сом маяна алат. Айлык “персоналдык жардамчы” деген категориядагы патенттин негизинде чегерилет.

Бекитилген жобого ылайык, багууга жана көзөмөл кылууга муктаж баланын ата-энесине жана жакын туугандарына мамлекет тарабынан каржылык колдоо каралат. Аны менен бирге келечекте пенсия алуу мүмкүндүгүн жоготпоого шарт түзүлөт.

Бирок айлык бардык эле мүмкүмчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине берилбейт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 30 миңдей майып бала катталган болсо, анын 6000нин гана ата-энесине айлык чегерилмей болуп жатат.

Кандай балдардын ата-энесине айлык чегерилет? Багууга жана көзөмөл кылууга муктаж деген аныктамасы бар баланын ата-энеси гана айлык ала алат.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык кароого муктаж болгон балдардын ата-энелерин колдоо үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 млн. сом керектелет.

Ата-энелер менен жарандык коом өкүлдөрү бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келаткан. Майыптарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3477 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо