Самара Каримованын ордуна жетекчи болуп Каримов келди

Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынынан билдиришти.

Аталган окуу жайга 39 жаштагы Нурлан Каримов жетекчи болуп  дайындалган. Ал сынактын негизинде тандалып алынган. Каримов буга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Эске сала кетсек, буга чейин ырчы Самара Каримова 24-октябрь күнү Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси болуп дайындалып кайрадан 1-ноябрда бошотулган. Баштапкы буйрукту маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жокко чыгарган эле.

Автор Т-медиа 10571 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*