Кыргызстандык жаш бийчилер эл аралык турнирде мыкты аталды

Мелдеш өткөн аптада Казакстандын Алматы шаарында уюштурулуп, ага  1400дөн ашык бийчи катышты.

Кыргызстандык эки өспүрүм спорттук бий боюнча «Күз вальсы — 2018» эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчулардын машыктыруучусу Алия Булатаева маалыматына таянуу менен жазып чыкты.

Булатованын айтымында, Кыргызстандын атынан 12 жаштагы Либгольд Мораст менен 13 жаштагы Алёна Мелникова латынамерика программасынын өспүрүмдөр категориясында чогуу бийлеп, натыйжада биринчи орунга ээ болушкан.

 

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо