Кытайда кыргыз интеллигенттери да камалып отурат. Тизме

Кытайда кармалып отурган кыргыздардын арасында интеллигенция өкүлдөрү да бар. Бул тууралуу кытайлык кыргыздардын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда жазышты. 

Мамлекет башчыга жазылган катта билдирилгендей, Кытайдын Шинжаң аймагындагы “кайра тарбиялоо лагерлеринде”50 миңдей кыргыз негизсиз камалып олтурат. Арасында кыргыздын аттуу-баштуу интеллигенция өкүлдөрү да бар.

«Интеллигенция өкүлдөрүнөн профессор Мамбеттурду Мамбетакун, тарыхчы Аскар Жунус сыяктуулар, ал эми катардагы кыргыздардан Абуталып Саамый, Султан Жасын, Малик Масмакун, Турдакун Абылет, Кенжакун Жумаалы, Сүйүналы Жүсүпэмет, Сулайман Орозобай, Амантур Малик, Мүсүралы Үсөн, Камза Салымкожо, Абдылда Асанакуновдор камакта олтурат»,-деп жазылат кайрылууда.

Шинжандагы кыргыздардын абалы боюнча билдирүүсүн Кытайдагы кызылcуулук кыргыздарды колдоо комитети Фейсбуктагы баракчасына жарыялашкан. Кайрылууда негизсиз кармалып отурган Кытайдагы кыргыздарды бошотууга көмөк көрсөтүүнү сурашты.

Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо