Мигрант аялдарга “саргылт кол чатыр аллеясы” ачылат

Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы паркында “Саргылт кол чатыр аллеясы” аталышында инсталляция тургузулат. Ал мигрант аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында ачылмакчы.

27-ноябрдагы иш чара «Дүйнөнү саргылтка боёп, аял-мигранттардын укуктарын коргойбуз» деген ураан менен өтөт. Саамалык эл аралык аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотобуз аттуу 16 күндүк кампаниянын алкагында уюштурулат.

“Эл аралык миграция боюнча уюмунун (МОМ) изилдөөсүндө үй шартында иштеген мигрант аялдар жана кыздар көбүрөөк физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандан барган мигрант үй-бүлөлөр баласын каратуу үчүн өзүнүн өлкөсүнөн бала багуучу алып келгенди туура көрүшөт. Бирок бала багуучу көпчүлүк учурда өзүнүн укуктарын билбейт жана катардагы жалданып иштеген бала багуучуларга салыштырмалуу аз айлык алат. Мындайда укугу тепселенип, үй тазалап кошумча иштерди жасаганы аркылуу эмгеги экспулатацияланат”,- деди долбоордун координатору Айнура Мамажунус кызы.

Эске салсак, мигрант аялдарга жана кыздардын зомбулугуна каршы иш чаралар жыл сайын 26-ноябрдан 10-декабрга чейин өткөрүлүп турат. Быйыл БУУнун адам укугу боюнча 70 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо