Нааразылар: коррупциялашкан Баткен прокуратурасына ишенбейбиз!

Бүгүн, 26-ноябрда Баткен облустунун 200дөн ашуун тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Алар маркум прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган Мелис Калыковду жактап келишкен.

Акциянын катышуучулары кылмышка шектелип кармалган М.Кны күнөөсүз экенин айтып, окуяга катыштыгы бар прокурорлор да камалсын деген талапты коюшууда. Чогулгандар бул талабын кылмыш болгон күнү эс алууга прокурорлор да чогу чыккандыгы менен жүйө келтирип жатышат.

Нааразы тарап укук коргоо органдары тарабынан шектүүнүн жактоосуна да күч кызматкерлери тарабынан тоскоолдуктар болуп жатканын билдиришти.

Эске сала кетсек,  Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жерден табылган. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Мелис Калыковду кармаган эле. Кийинчерээк ага милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча билдирүү чыккан.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*