Орусияда мушташкан мигранттар депортацияланат

Россия Федерациясынын Амур облусунда массалык мушташтын күнөөкөрлөрү Орусиядан депортацияланат. Бул тууралуу Tass.ru Амур заводунун жетекчилигине шилтеме берип жазып чыкты.

Массалык мушташтын катышуучулары Амурдагы газды кайра иштетүү заводунда иштегендер болуп чыкты.

Араздашуу болжолдуу турмуштук чыр-чатактан улам чыкканы айтылууда. Учурда мушташка катышкандардын бири кармалып, ага «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Tass.ru басылмасы мушташка катышкандардын арасындагы 2000-жылкы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын жазган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп шектүү катары 1996-жылы туулган киши кармалды. Мындан сырткары, ооруканага жатуудан баш тарткан дагы бир адам жабыркаган.

Амурдагы газды кайра иштетүү заводу Орусиядагы жана дүйнөдөгү газды кайра иштетүүчү ири заводдордун бири.

Эске салсак, 22-ноябрда Россия Федерациясынын Амур облусунда иштеген Кыргызстандык жана Казакстандык мигранттардын мушташып жатышкан видеосу интернетте тарады.

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3509 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо