
Бүгүн таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир калтыруу