Жаңы жылдык куттуктоо селфисине сынак жарыяланды

Бишкек мэриясы 1-декабрдан тартып жаңы жылдык мыкты жасалгага сынак жарыялады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мында жети номинация бар, эң мыктылар 100 миң сомго чейин байге алышат. Алардын арасында мыкты кооздолгон район, короо, жаңы конуш, мамлекеттик орган, соода борборлорунун сырткы фасады бар.

Ошондой эле 1-2 мүнөттүк мыкты видео куттуктоо жана «Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!» темасында селфилерге да сынак жарыяланды. Конкурска Бишкек-312 мобилдик тиркеме аркылуу катышса болот.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3509 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо