Экс-президенттер кайсы кол тийбестигинен ажырашы мүмкүн? Түшүндүрмө

Жогорку Кеңештин комитети экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Эгер парламенттин жалпы колдоосуна татыса экс-президент айрым кепилдиктеринен ажырайт. 

Толуктоолор киргизилген мыйзам долбоор колдоо тапса экс-президенттен чексиз кол тийбестик укугу алынып салынат. Тагыраак айтканда, мурдагы өлкө башчынын ар намысын мыйзам менен коргогон укук «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренеси жокко чыгат.

 

2003-жылдагы Баш мыйзамдын 53-беренесине экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугу кирип, кийин ошол эле ченем «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде көрсөтүлгөн.

Ушул беренени алып салуу боюнча сунуштар парламентте «ЖЭБди модернизациялоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экен» деген сөздөрдөн кийин көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев экс-президент деп эсептелет, ал эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев мындай макамга ээ эмес.

 

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо