ЖК Кытайдагы кыргыздар боюнча үн катты

Жогорку Кеңеш депутаттары Кытайдагы этникалык кыргыздар боюнча маселе көтөрүштү. 

Депутат Таабалды Тиллаев Кытайдагы атайын «саясий тарбиялоочу борборлордо» кармалып отурган кыргыздар боюнча өкмөттөн маалымат угууну сунуштады. Демилгени эл өкүлү конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында көтөргөн.

«Кытайдагы кыргыздар тууралуу өкмөткө тапшырма берсек, бизге маалымат беришсин. Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип койсо, анткени коомдо парламент үн катпай жатат деген пикирлер айтылууда», — деди Таабалды Тиллаев.

Депутат Исхак Масалиев кесиптеши Таабалды Тиллаев көтөргөн демилгени колдогон жок. Муну ал  Кыргызстандын жарандары эмес, кытай жарандарыжөнүндө сөз болуп жатканы менен түшүндүрдү.

«Кытайда биздин жарандар эмес, кыргыз улутундагы кытайдын жарандары. Жыйын бүткөнгө чейин Тышкы иштер министрлиги маалымат берсин. Ошол жетиштүү болот. Анан биздин жарандар деп айтпашыбыз керек, ал туура эмес», — деди Исхак Масалиев.

Буга чейин Шинжандагы кыргыздардын абалы боюнча  Кытайдагы кызылcуулук кыргыздарды колдоо комитети Фейсбуктагы баракчасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашкан. Жазылган катта негизсиз кармалып отурган Кытайдагы кыргыздарды бошотууга көмөк көрсөтүүнү сурашкан эле.

Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. 50 миңдей кыргыз «саясий тарбиялоочу борборлордо» камалып отурганы айтылууда.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо