
“Атамбаевсиз КСДП” жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина чыр салды. Ал Бишкектин Свердлов районунда өткөрүлгөн бүгүнкү жыйынды мыйзамсыз деп чыккан.
Эл өкүлү “Атамбаевсиз КСДП” жыйынын өткөрүп жаткандардан партиялык билеттерин көрсөтүүнү талап кылган. Ортодо чыккан чырдын тасмасын vb.kg интернет-сайты жарыялаган.
Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» деген чакырык менен Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Талас облустарында жыйындар уюштурулган. «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын былтыр партиянын катарынан чыгарылган Сагынбек Абдрахманов жетектеп жүрөт.
Оставьте первый комментарий