Балдарды эмдетүү 11 жугуштуу ооруну алдын алат. Инфографика

Кыргызстанда балдарды эмдетүү Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан улуттук календардын негизинде жүргүзүлөт. Учурда калктын санынын 95 пайызга жакыны эмдөөдөн өткөн. Бул жакшы көрсөткүч болгонуна карабастан, учурда ата-энелер арасында балдарды эмдетүүдөн баш тартуу тенденциясы байкалууда. Иммунологдор бул коомдук иммунитеттин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн дешүүдө.

Ош облусунун иммунологу Булбул Уметова менен эмдөө календары, эмдетүүнүн пайдасы жана аны жасатуунун зарылчылыгы тууралуу маек курдук.                                                                                                                     

Эмдөө боюнча улуттук календарь деген эмне? Эмдөөнүн убактылары жөнүндө айтсаңыз,  эмдөө бала төрөлгөндөн баштап канча жашка чейин жүргүзүлөт?                  

— Улуттук календарь Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген. Биз эмдетүүнү ошонун негизинде жүргүзөбүз. Календарга ылайык балдар жугуштуу оорулардын 11 түрүнө карата эмделет. Ал оорулар адамга аба аркылуу жугат. Ошондуктан эмделбеген адамдарда аны жугузуп алуу коркунучу жогору болот.  

 Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жашоосунун биринчи эле мүнөтүндө анын терисине, дем алуу органдарына жана ичеги-карындарына миңдеген бактериялар орношот. Балдардын организми миллиондогон микробдорго туруштук бере алат. Анткени балдардын организминде миллиондогон иммундук клеткалар бар. Ал эми вакциналар баланын иммундук системасын күчөтүп, башкарууга мүмкүн болгон жугуштуу ооруларды алдын-алууга, каршылык көрсөтүүгө же жеңип чыгууга жардам берет.

Ошон үчүн биз ымыркайды төрөт үйүнөн баштап кургак учук, вирустук гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө иштерин жүргүзөбүз. Андан кийинки эмдөө иштери баланын 2 айлыгында көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гепатиттин В түрүнө жана гемофилдик инфекциянын В түрүнө, шал оорусуна жана пневмококк жугуштуу ооруларына каршы эмделет.

Кийинки эмдөө иштери бала 3,5 айга толгондо жүргүзүлөт. Бул ирет бала 2 айында алган вакциналар кайра кайталанат, башкача айтканда 5 жугуштуу ооруга каршы эмделет.

Бала 5 айга толгондо эки айында алган вакциналарды үчүнчү жолу кайталап алат. Ошондо беш вакцина бир ийне менен сайылып,  5 жугуштуу ооруга каршы эмделет. 

 Наристе 1 жашка келгенде биринчи ирет кызамык, кызылча, сенек оорусуна каршы вакцина алат. Ал эми пневмококко үчүнчү жолу эмделет. Календарь боюнча кийинки вакцинация бала 2 жашка чыкканда жүргүзүлөт. Анда наристе көк жөтөл, кептөөр, тырышма ооруларына каршы эмделет.

Алты жашында бала кептөөр, тырышма, кызылча, кызамык жана тепкиге каршы жасалат. 11 жашында бала кептөөр жана тырышмага каршы эмделет. Андан кийин 16 жаштан баштап жарандар ар он жыл сайын кептөөр жана тырышмага каршы (26, 36, 46, 56) вакцина алып турушу керек.  

— Кээ бир вакциналар кайталанып берилип жатат. Эмне үчүн?

— Улуттук календарга ылайык балдарыбыз 2, 3.5, 5 айга толгон учурларда вакцина 5 ооруга каршы  кайталанып берилет. Анткени бул жугуштуу ооруларга каршы балада толук кандуу иммунитет пайда болуусу үчүн кайталап алуу зарыл. Ошондо гана жогоруда айтылган жогуштуу оорулардан алыс болот же болбосо оору жеңил өтөт. 

— Чоң кишилерге эмдөө кандай ооруга каршы жүргүзүлөт жана аны алуу канчалык зарыл?

— Чоң адамдар 16 жаштан жогору 26, 36, 46, 56 жашында тырышма жана кептөөргө (буума оорусуна) каршы ар он жылда эмдөө жүргүзүлөт. Ар он жылда жүргүзгөнүбүздүн себеби жарандарыбыз он жылга жакындаганда аталган ооруларга каршы организмде иммунитет төмөндөй баштайт. Ошондуктан вакцинаны кайталап алып туруу керек.

— Эмдөөдөн өткөн бала кандай жугуштуу оорулардан алыс болот?

— Улуттук календарь боюнча бала өз убагында эмдөөдөн өтүп турса, жугуштуу оорулардан корголгон болот. Аталган ооруларга кабылса да аларда оору жеңил өтөт. Ошондой эле эмделген бала коомго коркунуч алып келбейт. Анда ооруга каршы иммунитет бар болгондуктан башка адамдарга ооруларды жугузуу коркунучун туудурбайт. Анткени ал коомдук (коллективдик) иммунитетти жаратуучулардын бири болуп калат.

Эгерде улуттук календарыбызда көрсөтүлгөн жугуштуу оорунун 11 түрүнө карата бала эмделбесе: гемофилдик жана пневмококк оорусуна каршы бала эмдөөдөн өтпөсө, инфекциялары мээнин сезгенүүсүнө алып келүүсү мүмкүн (менингит өлүмгө дуушар кылат). Ал эми шал оорусу — бул  балдардын кол-буттарынын шал болуусуна алып келиши ыктымал.

Азыркы учурда шал оорусу катталып жаткан өлкөлөрдө балдар бул оорудан өлүмгө дуушар болушууда. Сенек оорусу булчуң эттин катуу ооруп тартылуусуна алып келет. Бул учурда  бейтап оозун ача албай, тамакты жутуна албай калат. Сенек оорусуна кабылгандардын 10% каза табышат. Кызылча оорусу — ымыркайдын тубаса кемтик төрөлүүсүнө алып келет. Өнөкөт гепатит В оорусу — боордун цирроз жана рак оорусуна алып келет.

Көк жөтөл оорусуна кабылгандардын 50% 2-3 ай бою жөтөл приступу менен кыйналышат. Тепки оорусу — 0,1% тукумсуздукка алып келет. Кургак учук оорусу —  кургак учук жана баш мээнин сезгенүүсүн пайда кылат. Кептөөр оорусу менен  ооругандар 10%, кызамык оорусу менен ооругандардын 1% өлүмгө дуушар болот, 5% майыптыкка алып келет.

— Эгерде утуттук календарь боюнча эмдөө албай же жарым жартылай алгандар болсо, алар кайрадан вакцинацияны кантип алса болот?

— Бала Эмдөө боюнча улуттук календардын негизинде ар түрдүү себептерден улам өз убагында эмделбей калса өздөрү жашаган аймактагы бейтапканага кайрылат. Бирок ата-эненин жанында баласынын эмдөөлөр жазылган 63 формасынын болушу шарт. Иммунологго ошол форманы алып барса, ал ошол балага тиешелүү өздүк календарь түзүп берет. Таптакыр эмдөө жасалбаса да иммунологго кайрылса, ага да өздүк календарь жасалат.

— 63 формасын ата-эне жоготуп алган болсо, аны кантип жана кайдан калыбына келтире алышат?

— Форма 63кө балдарыбыз төрөт үйүндө төрөлгөндөн баштап ар бир алган эмдөөлөрү, сериялары, мөөнөттөрү, кайсыл күнү алынгандары тууралуу жазылат. Эгерде ата-эне бир жерден экинчи жерге көчкөндө 63 формасын  албай кеткен же жоготуп койгон учурда, кайра бизге келип 64-журналдан көчүрмө жазып алып кетсе болот.

—  Улуттук календардан сырткары дагы кандай вакциналар бар? Алар кайсы учурларда алынат?

— Улуттук календардан сырткары жылына гриппке каршы эмдөөлөр жүргүзүп келет. Акыркы жылдары жакшы жолго коюлуп жатат. Андан сырткары Ажыга бараткан жарандарыбызга грипп, минингит оорусуна каршы эмдөө ишин жүргүзүлүп колдоруна сертификат берилет.

Акыркы жылдары Кыргызстанда саламаттыкты сактоо министрлик тарабынан гриппке каршы вакцина иштелип чыгып, эмканаларга таратылып жатат. Үй-бүлөлүк даарыгерлер тез-тез ооруган балдарга, чоң жарандарыбыз сахардык диабет, жүрөк оорулар менен ооругандарга гриппке каршы эмдөө иштери күз айларында өздөрү жашаган жерлериндеги поликлиникаларда жүргүзүлүп турат. Андан сырткары аялдардын жыныстык рак оорулары болгон шейка, матка ооруларына каршы вакцина улуттук келендарга киргизүү иши кийинки жылга пландалып жатат.

— Улуттук календардын ишке ашырылышын ким көзөмөлдөйт?

— Улуттук календарды ата-энелер билишет. Ар бир эмканаларда илинип турат, буклет түрүндө колдоруна берилет. Ата-энелер кызыкса эмканада иштеген медайымдар же болбосо иммунологдор бул жөнүндө кенен маалыматтарды берип турушат. Эгерде ички мигрант болуп, убактылуу жашаган жериндеги поликлиникага барып эмдетсе болот. Же болбосо туруктуу жашаган жери болбосо деле, баласынын 63 формасын көрсөтсө, бардык жерде акысыз эмделет. Ымыркайды алгачкы жолу эмканага алып келгенде кайсыл айда эмделери жөнүндө иммунологдор маалыматтарды берет.                                                                        

Эмдөө тармагында Кыргызстан кандай ийгиликтерге жетишти?

Кыргызстанда шал оорусунун акыркы учуру 25-июнь 1992-жылы катталган. Шал оорусуна кабылган балдарыбыз жогоруда айтып өткөндөй балдардын кол-буттарынын шал болуусуна же болбосо өлүмгө дуушар кылуусу мүмкүн.  Азыркы учурда шал оорусу катталбаган өлкөлөрдө балдар бул оорудан өлүмгө дуушар болушууда.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан боюнча эмдөө боюнча жакшы жыйынтыктар бар. Эмдөөнүн жыйынтыгы бар деп мен коркпой айта алам, себеби шал оорусунда биз Кыргыз мамлекетибиздин жарандары арасында шал оорусу боюнча катталбайтат.  Ошондой эле шал оорусу жок деп 2002-жылдын июнь айында сертификат алганбыз. Ал эми кээ бир мамлекеттерде Пакистан, Афганистан мамлекеттеринде учурда шал оорусу менен ооругандар бар, ошон үчүн биз дагы шал оорусуна каршы эмдеп турабыз. Себеби жарандарыбыз чет өлкөгө чыгып жатышат.

Эмдетүү дүйнө жүзү боюнча жыл сайын  2-3 млн, күн сайын 10 миңдей адам өмүрүн сактайт.

— Учурда кызамык оорусу менен ооруган балдардын саны көбөйүүдө. Ош облусунда абал кандай? Бул ооруну кимдер жуктуруп алышы ыктымал. Эмдөө жасатуу учүн кайсыл жерге кайрылса болот?

— Учурда Республикабыз боюнча Чүй облусунда жана Бишкек шаарында кызамык оорусу катталып жатат. 1 жашка чейинки балдардын ооругандары көп. Себеби  1 жашында эмдөө алат. Эмдөөгө чейин эле бири-бирине жуктуруп алып, организмде иммунитет жок болгон үчүн оорулар пайда болуп атат. Ар бир бала өз убагында эмделип турса ар кандай жугуштуу оорулар жукпайт. Учурда облусубузда бул боюнча абалыбыз тынч, аймактарда бүт көрсөтмөлөр берилген, ошолор боюнча санитардык эмдөө борборлору эмдөө иштерин жүргүзүп жатат. Эмдөө жасатуу үчүн жер-жерлердеги поликлиникалардан алса болот.                                                                              

Улуттук календарды кээ бир жарандар билишпейт экен. Ал жөнүндө маалыматты кайдан алса болот? Силер аны калктын кеңири катмарына жеткириш үчүн кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыңар?

— Бүгүнкү күндө эмдөө календары боюнча түшүндүрүү иштери телекөрсөтүүлөрдө жана радиолорго маалымат берип жатат. Ошондой эле жер жерлердеги участкадагы медайымдар да бул жөнүндө маалыматтарды берип турушат. Казыяттар менен биргеликте телекөрсөтүүлөргө чыгып маалыматтарды жеткирип турабыз. Андан сырткары эмдөөлөр жөнүндө ар жыл сайын апрель айында Европалык эмдөө жумалыгы өткөрүлөт. Мында телерадиолордон түз эфир уюштурулуп элдердин түшүнбөгөн суроолоруна жооп беребиз.

Даярдаган: Ош МУнун окутуучусу Чынара Абдиева

Т-медиа
Автор Т-медиа 3499 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо