“Коопсуз шаар” долбоору жазында ишке аша баштайт

“Коопсуз шаар” долбоору “Вега” компаниясы тарабынан 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Боронов белгилегендей, өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом караган. Сынактын жыйынтыгында россиялык “Вега” компаниясы 2 млрд 320 млн сомго жеӊип чыгып, алдын ала болжолдогондон 230 млн сомго арзан түштү.

«Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол кырсыгы көп катталган 38 көчөнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы.  2-этабынын  негиздемеси келаткан жылы иштелип чыгып, өлкөнүн жалпы 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат»,- деди биринчи вице-премьер-министр.

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору бир нече жылдан бери ишке ашпай турат. Быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни» утуп чыккан. Буга чейин үч жолу сынак өтүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылган эмес. Тараптардын талаш-тартышы сотко чейин жеткен.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо