Кыргыз-Түрк келишими: мигранттардын эмгек стажы тааныла баштайт

Кыргызстан менен Түркия өз аймактарында расмий түрдө иштеген мигранттарынын эмгек стажысын эки тараптуу тааный баштайт.

Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Эгер Социалдык камсыздоо жөнүндөгү келишим жактырылса, Кыргызстан менен Түркия бири-биринин жарандарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт.

«Мисалы, Кыргызстандын жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар Пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш», — деди социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев.

Ушул тапта Түркияда 14,5 миӊ кыргызстандык жараны иштесе, Кыргызстанда 5,3 миӊ түрк жараны иштейт. Келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан Түркияга жылына 10 млн сом которуп турууга тийиш.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея менен да ушундай эле келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал өлкөдө 15 миӊ кыргыз жараны эмгектенет, ал эми Кыргызстанда 250 корей жараны иштейт.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо