Кыргызстан 55 өлкө менен визасыз катташуу мөөнөтүн узартат

Жогорку Кеӊеште депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылды.

“Айрым өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам аларды азыртан узартуу зарыл. «Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм коркунучтары сындуу коркунучтарды мисал тартып айтып, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып келет. Бирок биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — дейт Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, бул маселе тармактык комитетте каралганда, өкмөт мурда келишим түзгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген.

Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Демилгечи мындай сунушка макул болгон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо