Сойкулукка барган кыздар мажбурланганын айтты (Видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жай аныкталган. 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, сойкукананы иштетип жүргөн адам кармалган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 261-беренеси (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү ) менен кылмыш иши козголду.

Сойкуканада иштеген кыздар тергөө убагында берген көрсөтмөлөрүнө караганда, жашыруун жайды уюштурган айым (сутенёр) аларга жумуш таап берем деп алдоо жолу менен алып келген. Андан соң  аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбай камап койгон.

Алардын арасынан 3 кыз кожойкеси сойкулукка мажбурлап иштетип жүргөңдүгүн жана ырайымсыз кордук көрсөткөндүгүн айтып облустук милицияга арыз жазышкан. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3454 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо