UFC: Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандашы каралууда

BROOKLYN, NEW YORK - APRIL 06: Khabib Nurmagomedov of Russia poses on the scale during the UFC 223 weigh-in inside Barclays Center on April 6, 2018 in Brooklyn, New York. (Photo by Jeff Bottari/Zuffa LLC/Zuffa LLC via Getty Images)

 Дана Уайт россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов кийинки беттештерде ким менен кездешүүсү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Р-Спорт жазууда.

Анын билдирүүсүндө, Нурмагомедовдун ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен болгон беттеши көңүлгө толорлук болуп, бардык рекорддорду басып өткөн.

«Хабиб жеңишке жетти, демек Тони Фергюсон жана Дастин Пуарье менен мушташышы ыктымал. Же Конор Макгрегор менен реванш өткөрсө да болот», — деди Дана Уайт.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 6-октябрь күнү UFC 229 турниринин алкагында Конор Макгрегорду утуп, жеңил салмактагы чемпион наамын коргоп калган.

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4623 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо