Айыл Банк: 7 пайыздык ипотека берүү баштала элек. Эмнеге?

Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык насыя берүү убактылуу токтоп турат. Буга байланыштуу жылдык үстөгү 7%га түшкөн насыяны берүү баштала элек. 

Бул тууралуу «Т-Медиага» «Айыл Банктын» Оштогу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Насыя берүү бөлүмүнүн адиси Илимбек Айтмамат уулу билдиргендей, ипотекалык насыя акча бөлүнө электигине байланыштуу үзгүлтүккө учурап жатат.

«Азыр ипотекалык насыя алуу боюнча арыздарды кабыл албай жатабыз. Анткени мамлекеттик ипотекалык компания каржы ажырата элек. Жакынкы арада болуп калат деп жатышат. Бирок качан бөлүшү да анык эмес. Буюрса жаңы жылдан кийин бөлүнөт деп айтылган. Болуп калса эле 7%дык насыя берүүнү баштайбыз. Анпесе ипотекалык насыя алууну каалаган жарандар менен түшүнбөстүктөр болуп жатат»,-деди Илимбек Айтмамат уулу.

Насыя берүү бөлүмүнүн адиси кошумчалагандай, МИК буга чейин билдирген 500 миллион сомду ажыратса деле ал акча арыз таштагандарга жетпейт. Акыркы бекитилген тизме боюнча өлкөдө 1446 адам мамлекеттик ипотекалык насыя алуу боюнча кезекте турат. Алардын баарына эки жарым миллиард сомдон ашык каржы керектелет.

Жогоруда айтылгандарды мамлекеттик ипотекалык компаниянын Оштогу өкүлчүлүгү төгүнгө чыгарды. Мекеме жетекчилигинин билдиришинче, ипотекалык насыя берүү убактылуу токтоп турат деген маалымат чындыкка коошпойт. Бүгүнкү күндө 7%дык төмөндөтүлгөн насыяны өлкөдө 18 адам жалпы 26 млн 341 мин 486 сом өлчөмүндө алган.

«Мамлекеттик ипотекалык компания өнөктөш болгон 13 банкка өткөн аптада жалпы 200 миллион сом бөлгөнбүз. Алардын арасында Айыл Банк да бар. Бүгүн алар 10 адамга насыя берүүгө документ даярдады. Жогоруда айтылгандай насыя берүү токтоп турган жок. Болгону акчанын көлөмүнө жараша азыраак адамга берилүүдө», — деди МИКтин Оштогу өкүлчүлүгүнүн адиси Гүлназ Мамашева.

Мамашева тактап кеткендей, МИК калган 300 миллион сомду жаңы жылга чейин которот. Бүгүнкү күндө ипотекалык насыя алууга жалпы 1466 жаран арыз таштаган.

Эске салсак, 1-ноябардан тарта ипотекалык насыянын жылдык үстөгү 1%га арзандады. Жаңы өзгөртүү боюнча насыянын жылдык үстөгү 7%дан 9%га чейин болот.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 5416 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо