Эскертүү! Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылып турат

Бүгүндөн 5-декабрга чейин Бишкек-Ош автоунаа жолу мезгил-мезгили менен жабылышы күтүлөт. Бул убакыт аралыгында кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош жолунун (132-137, 198-265-чакырымдарында) кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Буга байланыштуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 27-ноябрда №21 буйругу чыккан. Анын негизинде кооптуу деп табылган кар көчкүлөр артиллериялык курал менен атып түшүрүлөт.

ӨКМ кар көчкү атып түшүрүлгөн убакта Бишкек-Ош жолу мезгил-мезгили менен жабылып турушун эскертет.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо