Рейд: тамак даярдаган жерде ажаткана жайгашкан. Видео

Ош облустук ооруканасынын жанында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар жана дүкөндөр күтүүсүз текшерилди.

Пландан сырткаркы тешкерүү жарандардан түшкөн арыздын негизинде жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында алты ашкана эртеңден тарта ишмердүүлүгүн токтотмок болуп турат. Буга тамактануучу жайлардын санитардык абалы талапка жооп бербегени себеп болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, үстүнөн арыз түшкөн тамактануучу жайлардын баары санитардык нормаларды сактабайт. Ашканаларындагы буюм-тайымдар баш аламан жайгашкан жана тазалыгы начар.

Мындан сырткары тамакка кошулган азык-түлүктөр эрежеси боюнча сакталган эмес. Көпчүлүгүнүн үстү ачык жана чаң түшчү жерлерде коюла берген. Буга кошо иштетүүгө мүмкүн болбогон зыяндуу туз колдонулуп жатканы ачыкталды.

Эң кызыгы тамак жасоочу ашканалардын (кухня) биринин ичинде даараткана жайгашып калганы аныкталды. Так ортодо жайгашкан ажаткана санитардык гигиеналык абалга каршы келээри айтылып, эртеңден ишмердүүлүгү токтотуу боюнча эскертүү берилди.

Ал эми арыздын негизинде текшерилген дүкөндөрдүн жетөөндө деле абал жарытаарлык чыккан жок.  Айрымдары уруксатсыз эле жерге жайып мөмө жемиш  сатса, кээ бирлеринин азык-түлүгүндө жарактуу мөөнөтү жана өндүрүлгөн ишканасы көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек,  Ош шаардык санитардык жана эпидемиологиялык кызматы коомдук тамактануучу жайлар жана соода күркөлөрдү пландык негизде жылына эки ирет текшерип турат.  Алдын ала эскертүү менен жүргүзүлгөн текшерүү натыйжасыз экендиги жарандар жана коомдук активисттер тарабынан айтылып жүрөт.

 

 

 

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо