Алыш күрөшүн ЮНЕСКО тизмесине киргизүү маселеси көтөрүлдү

Кыргыз улуттук алыш күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү маселеси козголду. Бул багытта жапа тырмак иш-аракеттерди көрүү зарылдыгы белгиленди. Бул тууралуу алыш күрөш федерациясынын президенти  Жогорку Кеңештин төрагасы менен болгон жолугушууда сөз болду. Жолугушууда федерация президенти Рыскелди Шамиев 2019-жылы алгачкы жолу алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда өткөрүү пландалганын билдирди. Ал үчүн Жогорку Кеңеш төрагасынан көмөк көрсөтүүсүн суранды. Өз кезегинде Дастан Жумабеков колдон келген баардык жардамды берээрин убадалап федерациянын иштерине ийгилик каалады. Эске сала кетсек 3-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеште кыргыз  балбандары 7 алтын медалды камсыз кылышкан.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо