Америкалык журнал көк бөрү тууралуу даректүү тасма тартты

АКШнын атактуу «Sports Illustrated» спорт журналы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу даректүү тасмасын америкада көрүүчүлөргө сунуш кылды.

Тасмада Көчмөндөр оюну Дүйнөлүк Олимп оюндарына альтернатива катары платформа болуп түзүлгөнү көрсөтүлгөн.

«Унутулган оюндар» деп аталган 17 мүнөттүк тасманын өзөктүү бөлүгү Орто Азиядагы элдердин көк бөрү оюнуна арналган. Анда Көчмөндөр оюнуна экинчи ирет катышып жаткан америкалык команданын оюнчуларынын оюндан калган таасири менен бөлүшүп, америкалык көрүүчүлөргө оюндун эрежелери түшүндүрүлгөн. Тасманын экинчи бөлүгүндө алгыр куштар менен аңчылыкка чыккан тайган иттери жөнүндө баяндалып, кыргыздын табият менен таттуу мамиледе жашоо философиясы сүрөттөлгөн.

«Sports Illustrated» спорт журналы АКШнын  популярдуу спорт басылмасы болуп эсептелет. Жума сайын журналды 23 миллиондой окурман окуйт. Бул тууралуу azattyk.org жазып чыкты.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо