Финполиция: Жалал-Абадда баалуу дарактар кыйылган

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кыйылган дарактар боюнча атайын рейд өттү. Текрешерүү Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Каракөл шаарларында жүргүзүлгөн.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда грек жаңгагынын уюктарын жана кесилген тактайларын автоунаасына жүктөп бараткан К.Ш. аттуу жаран кармалган. Ага карата “өзгөчө баалуу дарактарды кыюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга, өстүрбөй зыян келтирүүгө, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдарды жасоого, экспорттоого тыюу салынат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо